БАШ КөТөРүү
Толковый словарь кыргызского языка. 20151. Оорусунан оңоло баштоо, жакшы болуу, төшөктө жата бербей, тыңып туруп калуу, сакаюу. Ошол жылкы улуу тумоодон бирин-серин киши гана баш көтөрдү (Элебаев). 2. Жандануу, каршылык көрсөтө баштоо, каршы туруу. Демек, ар кыл калктын уулдары деле бизчилеп азапка чыдабай баш көтөрүптүр (Бектенов). Жаңыдан баш көтөргөн кедей, кембагалдар бириге баштады (Сасыкбаев).